Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аткезчилик менен жүк ташыган жаран УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

16.05.2022 15:22
1043
Аткезчилик менен жүк ташыган жаран УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен КР жараны кармалды.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 12-майында Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Р.Р.Ч., аттуу КР жаранынын башкаруусунда коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалды.


Ошол эле учурда жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну Кыргызстандын жараны А.П., экендиги аныкталды.


Муну менен бирге, аталган А.П., аттуу жаран бул жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, аталган фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акча сунуштай баштаган. Жыйынтыгында бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде ("Пара берүү") боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган.


Ошол эле күнү КР МУКК кызматкерине 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда А.П., кармалды.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн