Кыргыз саясатында күн тартибинен түшпөгөн негизги маселелер – кен-байлыктар жана чегара. Эки маселе тең эгемендикти алгандан бери актуалдуу болуп, бир жолу да оңуна чечилбеди. Чечилсе да, өкмөт аны ийгилик катары элге жеткире албады. Ошол себептүү бул темада элдин кыжыры бат келип, бийликке ишеним артпайт. Бул да туура, анткени ишеним арткан кишилер деле "эшеги ылайдан өткөнчө" болуп жатат.
Негизи Баткен облусундагы кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чегаралары акыркы 10 жылда актуалдуу болуп, күн тартибинен түшпөй келгени жакшы көрүнүш. Бирок бул маселени чечүүгө 20 жыл кечиктик. Мындагы эң чоң көйгөй – ошол чегаралаш айылдардагы элдин жоон тобу Бишкек, Россияга эмиграциялап кеткени. Калганын чечсе болот, бирок талаалап кеткен элди кайтаруу өтө оор. Буга бир эле мисал: учурда Баткен районунун Самаркандек, Аксай, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө 30000ге жетпеген эл жашайт, ал эми Тажикстандын Исфара районундагы Чоркух, Ворух, Сурх айыл өмөттөрүндө төрт эсе көп, 120 000ге жакын эл жашайт. Ушул эле айылдардын жер аянты тескерисинче, кыргыз айылдарынын аянты жайыттарды кошпогондо минимум 4 эсе чоң. Тажик айылдарында жайыт жок, кыргыз айылдарында суу жок. Негизги көйгөй ушул жер жана суудан чыгат.
Ошондуктан өкмөт чегараны чечүү үчүн баарынан мурда ошол жердеги элдин жашоосун жеңилдете турган шарттарды түзүү үстүндө иштөөсү керек. ЖК бизнес түзүүгө ыңгайлуу, салык жана соц. төлөмдөргө жеңилдиктерди караган мыйзамдарды иштеп, буга чейинки кабыл алынган мыйзамдардын иштөөсүн өкмөттөн талап кылуусу шарт. Тилекке каршы, бул демилгелер унутта калып эле чегара маселеси саясатка айланып кетти. Шайлоо алдында, же элдин ишенимине кирүү үчүн байма-бай колдонулган саясий куралга айланды да калды. Стол үстүнө отуруп сүйлөшкөн дипломаттардын ишинен кабары жок же элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жергиликтүү бийлик, чегара кызматынын дайыны жок. Качан гана ок атылып, абал курчуганда столго отуруп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштайт. Жай турмушта маселени чечкенге кызыктар чиновник жокпу бу ак үй-көк үйдө?
Буга чейинки бийликтердин тушунда элди көчөгө чыгарган Кумтөр болсо, мындан ары Баткен чегарасы болору көрүндү. Баткенде буга чейин "нормальный" митинг болгон эмес, бирок кечээгидей ойлонулбаган сөздөр мындай көрүнүштүн кайталанышына түрткү болору бышык.
Жаңы премьер "Төрт-Гүл суу сактагычына куйган дарыянын башын алдырып ийдик" деген билдирүүсүнө таң калып, бир түшүндүрмө берерин күттүм. Бүгүнкү дем алыш күнү түшүндүрмө бергени да кызык, жообуна канааттанган жокмун. Баткенде губернатордун жардамчысы болгон киши катары маселенин баарын жакшы билсе керек, бирок бул темада эт менен челдин ортосунда болгон жарабайт. Мамлекеттин эң жогорку кызматындагы киши эл аралык мамиле боюнча сүйлөгөндө баарын ачык, так айтышы керек. Чегара кызматы УКМКнын карамагына өткөндө сүйүндүк эле, бирок маалымат таратууда кылдаттык байкалбайт. Баткенде жана чегаралаш тажик айылдарында Төрт-Гүлгө куйган суунун башы деп бир эле "Головной" суу тосмосун айтышат, бул чоң чырга жол ачышы мүмкүн. Тажик сайттарында бажырап чыккан маалыматтардан 3 күндөн кийин гана "Ак-Сайга жакын Кайырма каналы..." дегени жакшы эмес. Муну элдин реакциясын билүү үчүн гана айтылган билдирүү деп бааласа болот.
Кыскасы, чү дегенде эле маселенин оңуна чечилеринен күмөнсүрөй баштадым. Чегараны таш менен коргоп аткан элдин үмүтү акталса экен.
Аззамбек Жээнбай уулу
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн