Август айынан тарта суюлтулган көмүргө акциз салыгын төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.
"2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 - 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат", - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарына ылайык 2023-жылдын 1-июлунан тартып өндүрүлгөн жана импорттолгон суюлтулган көмүрсуутек газы үчүн отчет берүү жана акциз салыгын төлөө зарылдыгын эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн