Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Австралия: "Олимп оюндарына спортчуларыбызды чогулта албайбыз"

23.03.2020 13:16
590
Австралия: "Олимп оюндарына спортчуларыбызды чогулта албайбыз"


Австралиянын олимпиада комитети Канаданын артынан пандемиядан улам жаралган шарттарга байланыштуу Японияда өтүүчү Олимп оюндарына командасын чогулта албасын кайрылуу аркылуу билдирди.


“Австралиянын олимпиада комитети телеконференция өткөрдү жана австралиянын командасы өлкөдөгү жана сырт жактагы учурдагы шарттарга байланыштуу чогултула албасын бирдиктүү чечим менен комитет кабыл алды.


Эл аралык олимпиада  комитетинин негизги принциптерине ылайык, спортчулардын саламаттыгы биринчи орунда болуш керек. Биздин максат бул принциптерди чагылдыруу.


Оюндар июль айында өткөрүүлө албасы ырас. Биздин спортчулар даярдыка жана машыгууга позитивдүү көз карашта, бирок коронавирус илдетинен жаралган стресс жана ишенбестик даярдыкты орлотуп жатат”, - деген кайрылууда.


2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимп оюндарына Австралия 29 мөөрөй менен жалпы командалык эсепте 8-орунду ээлеген. Алардан 421 спортчу мелдешке катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн