Кыргыз сому - Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бири деп таанылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.
"Соңку тарыхыбызда Улуттук банк инфляция, каржылык кризистер, пандемия, дүйнөлүк өзгөрүүлөр сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечирди. Бирок алардын ар биринде мекеме өзүнүн туруктуулугун жана кесипкөйлүгүн далилдеп келди. Бүгүнкү күндө биздин сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бири деп таанылууда”, - деди өлкө башчысы.
Жапаровдун айтымында, бул жетишкендик - өз ишине берилген кесипкөй адистердин жана каржы системасына эмгек сиңирген ардагерлердин талыкпас аракетинин натыйжасы.
"Сиздердин тер төккөн мээнетиңиздердин аркасында Улуттук банк элдин ишенимине ээ болуп, мамлекеттин туруктуулугунун тирегине айланды.
Тездик менен өзгөрүп жаткан ааламдашуу доорунда кажылык технологиялар, онлайн төлөмдөр, санарип банк кызматы, криптовалюталар – азыркы жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды", - деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн