Австралиянын түндүк батыш тарабын тынбай жааган жамгырдан улам суу каптады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Жамгыр 29-январдан бери токтобой жааган. Мындан улам шаарларда жолдорду суу каптап, транспорт менен жүрүү үзгүлтүккө учураган.
Австралиянын Брум шаарындагы аэропорт бардык рейстерди кабыл алууну жана учурууну токтоткон.
Метеорологдордун маалыматында 2 күн тынбай жааган жамгырдын көлөмү 2021-жылы жааган жалпы жамгырдын көлөмүнөн ашып өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн