Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Автобекеттерди көчүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 млн доллар талап кылынат

19.02.2024 13:04
349
Автобекеттерди көчүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 млн доллар талап кылынат


Чыгыш жана Батыш автобекеттерин шаардын сыртына жылдыруу долбоорун ишке ашыруу үчүн кеминде 25 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, каражат бар жана алар эмитен эле бөлүнүп баштады. Долбоор 2024-жылы бүтөрү күтүлүүдө.


2023-жылдын сентябрь айында борбор калаанын транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаев мэрия Батыш жана Чыгыш автобекеттери жылдырыла турган пункттарды аныктаганын билдирген.


Анын айтымында, шаар четиндеги каттамдарды шаарга таптакыр киргизбөө идеясы. Алар автобекеттерге токтош керек, ал жерден эл Бишкекке коомдук транспорт менен бара алат.


Батыш автобекетинин Пригородное айылынын сыртына, ал эми Чыгыш автобекетинин Silk Way логистикалык комплексинин жанындагы аймакка көчүрүү сунушталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн