Бүгүн Бишкек,Ош жана Токмок шаарынын мэрлерин шайлоо күнү.
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Айбек Жунушалиев өзүнүн программасын шаардык кеңештин депутаттарына тааныштырды.
Жунушалиевдин айтымында, анын программасына көпчүлүк коалиция менен оппозициялык фракциялардын сунушу каралат.
Анын шаарды өнүктүрүү программасы ноябрь айында бекитилет.
Айбек Жунушалиевдин программасында шаардын тазалыгы, шаарды көрктөндүрүү жана газ менен камсыз кылуу каралган.
Ошондой эле, шаардагы унаа тыгындарын жок кылуу максатында автобустарды алып келип, кичи автобустарды шаардын сыртына алып чыгуу каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн