Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Автокырсыкка кабылган артист Ефремов өз жашоосун ичимдик менен эбак эле бузуп салган

13.06.2020 14:55
614
Автокырсыкка кабылган артист Ефремов өз жашоосун ичимдик менен эбак эле бузуп салган


8-июндун кечинде мас абалында Москванын Смоленский аянтында жол тандабас унаасы менен автокырсык жасап, бир адамдын өлүмүнө себепчи болгон Россиянын эмгек сиңирген артисти Михаил Евремов каза тапкан адамдын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, аларга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.


Учурда үй камагында отурган артист Михаил Ефремов соңку мезгилде ичкиликке берилип кеткендиги айтылууда.

Мисалы, Россиянын эмгек сиңирген артисти Владимир Долинский “Московский комсомолец” гезитине берген маегинде кырсыкты эки тарап үчүн да трагедия деп атады. Арийне кесиптеши тууралуу: “Михаил Ефремов ушундай кырсыкка баары бир кабылмак. Ал өз жашоосун алкоголь менен эбак эле бузуп салган. Бул автокырсык болбосо, Миша башка бир нерсенин ичинен чыкмак”, - деген артист өзү да жаш чагында түрмөдө отуруп чыккандыгын кошумчалаган. Эми Ефремовдун жазасын бир “укмуш керемет” гана жумшартышы мүмкүн.


Эске салсак, жогоруда сөз болгон автожол кырсыгында Ефремовдун күнөөсүнөн улам Lada фургонун башкарган интернет дүкөндүн курьери 57 жаштагы Сегей Захаров баш мээсинен оор жаракат алып, Склифосовский атындагы ооруканада каза тапкан.


Ал эми артист Ефремов мас абалында экендиги аныкталып, кийинчерээк канынан наркозат да табылган. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, бирок артист азырынча үй камагында.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн