Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Автоунаалар 15-июлдан "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайына кирген убактан тарта төлөм жүргүзөт

11.07.2021 17:51
1297
Автоунаалар 15-июлдан "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайына кирген убактан тарта төлөм жүргүзөт



Автоматташтырылган унаа токтотуучу системасы бар аэробекеттик унаа токтотуучу жай аутсорсингге берилген жана келишимдин эрежелерине ылайык тарифтер аутсорсинг компаниясы тарабынан белгиленет. «Манас Эл аралык Аэропорту» ААК баа саясатына жана бааны түзүүгө таасир эте албайт.  Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.


Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер мурдагы баа боюнча калган – 1 сааты/ 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана 1 суткасына/360 сомду түзөт. Ал эми 2021-жылдын 20-июлунан тартып 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат.  


Урматтуу «Манас» аэропортунун жүргүнчүлөрү жана коноктору, «МЭА» ААК аэробекеттеги жолдун наркы бетинде бардыгы үчүн бекер унаа токтотуучу жай бар экендигин кабарлайт.  


Ошондой эле унаа токтотуучу зона бар, анын баасы – 1 саатына/40 сом жана 1 суткасына/200 сомду түзөт.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Марс
Аутсорсинге аредага бербей эле ошол аэропортго кирип чыккан унаалардын акчасы мамлекетке түшө турган кылып койсо болбойбу