Токио-2020 Олимпиада оюндарында эркектер арасында 125 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча мелдешке катышып жаткан Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Ал бүгүн эртең менен америкалык атаандашына 10:0 эсебинде утулуп калган. Анын атаандашы финалга чыккандыктан Лазарев алгач көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Аны жеңсе коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн