Бүгүн, 4-январда Шабдан баатыр көчөсүндө саат 8дер чамасында жеңил унаа "Тазалык" муниципалдык кызматынын кызматкерин сүзүп алган. Бул тууралуу 24.кг агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, "Тазалыкта" иштеген жаран ооруканага жеткирилгенине карабастан көз жумган.
Ал эми айдоочуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди.
Милициянын кайгуул кызматы окуяны териштирип жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн