Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 19:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Аялдар лигасы муктаж айымдарга жардам көрсөттү (видео)

04.05.2020 12:07
1253
Аялдар лигасы муктаж айымдарга жардам көрсөттү (видео)

 

“Борбордук Азиядагы аялдар лигасы” кайрымдуулук фонду Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларында 1000 адамга азык-түлүк жардамын көрсөттү.


Уюштуруучулар билдиргендей, аялдар лигасына социалдык тармактагы баракчалар аркылуу жардамга өтө муктаждар, жалгыз бой энелер, убактылуу жумушсуз отургандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жаңы конуштарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, катуу ооруп калгандардан көптөгөн арыздар келип түшкөн.


"Ар бир адамдын өз көйгөйү жана тарыхы бар. Бүгүнкү күнгө чейин жардам сурагандардын аягы токтой элек", - деди Касымалиева.


Аялдар лигасынын төрайымы Асель Атабекованын айтуусунда, азыркы оор мезгилде күнүмдүк жашоого эң керектүү азык-түлүктөр бар 1000 коробка таратылды. Алар жеке адамдарга жана жардамга муктаж болгон жарандарга жардам берген уюмдар аркылуу да жеткирилип берилди.


Лига жакында кайрымдуулук иштерин аркалоо үчүн вице-спикер Аида Касымалиева, жеке ишкер Асель Атабекова жана Гүлназ Исаева тарабынан түптөлгөн.






Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маматбакирова Аксана
Мен жардамга муктажмын сиздерге кайрылсам болобу