Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Аялдарды өзгөчө куттуктагандар сыйланды

07.03.2020 19:53
979
Аялдарды өзгөчө куттуктагандар сыйланды


Аялдардын эл аралык майрамы - 8-мартка карата жеке ишкер Каныбек Туманбаев менен биргеликте “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги жарыялаган өзгөчө куттуктоолордун сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Аталган сынактын жүрүшүндө 50дөн ашуун аял затын даңктаган өзгөчө куттуктоолордун арасынан мыктылары иргелип, атайын сыйлыктар тапшырылды. Анда эки катышуучу баш байгеге ээ болуп, бири акыркы үлгүдөгү iPhone телефонун утса, экинчиси бриллианттан жасалган зер буюмдар менен сыйланды. 


Дагы 9 өзгөчө куттуктоолордун авторлоруна 5 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди. 


Сыйлык тапшыруу аземи “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин пресс-борборунда өтүп, жеңүүчүлөргө байгелерин жеке ишкер Каныбек Туманбаев өзү тапшырды. 


Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

 

Альбина Метерова - iPhone 11 Pro Max үлгүсүндөгү телефон


Алтынай Тиллабаева - бриллианттан жасалган зер буюм. 


Кызыктыруучу сыйлыктар: 


Айчүрөк Борукеева  - 5000  сом  


Айпери Кеңешова - 5000  сом


Бурул Айдарбекова  - 5000  сом


Элмира Жумакадырова  - 5000  сом


Амирхан Апилов - 5000  сом


Адилет Аманкулов  - 5000  сом


Талант Жапаркулов  - 5000  сом   


Гулзада Шаршеналиева - 5000 сом  


Жыпар Садыказиева  - 5000 сом. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн