Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Аялдардын укугу Кыргызстанда чындап эле тебеленип жатабы?

09.03.2021 10:49
1074
Аялдардын укугу Кыргызстанда чындап эле тебеленип жатабы?


Кече 8-март Аялдардын эл аралык майрамы күнү борбор калаабызда «Аялдардын тилектештик маршы» деп аталган акция болуп өттү. Ага катышкандардын колунда «Окуган кыз ордун табат!», «Кыздар баары бир жеңишке жетет!», «Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт!», «Аялдар үчүн коопсуз жашоо!», «Кызыл камчы сынсын!», ««Уят» укук менен ден соолуктан кийинки орунда турат!» деген ураандар жазылган плакаттар болду.


Туура, аялзаты эркектер сыяктуу эле укуктарга ээ. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө аялзаты бар. Аялзаты – бул эң биринчи кезекте эне. Аялзаты – бул сүйүктүү жар, бир боорубуз болгон эже-карындаштарыбыз, эркелеген кыздарыбыз. Анан кантип алардын укугунун тебеленип, кордолушуна жол берүүгө болсун?


Ар бир ата-эне өз канынан жаралган кызынын билимдүү болушун, келечекте өзү каалаган кесиптин ээси болуп, коомдон татыктуу ордун табышын каалайт. Бул жаатта Кыргызстанда «Кыздар окубашы керек, алар эртерээк эле эрге тийип, үй-бүлө күтүшү керек» деген мажбурлоо жок. Мамлекет ичиндеги жогорку окуу жайлардагы студенттердин басымдуу бөлүгүн да кыздар түзө турганын жашырууга болбойт. Ал эми окуу жайды аяктагандан кийин кесипти аркалап кетүү ар бир адамдын өзүнүн жеке аракетинен көз каранды эмеспи.


Ырас, акыркы убактарда түрдүү диний агымдардын айынан наристе кыздарын да жоолук салынтып, мектепти да толук окутуп-окутпай жаткан ата-энелер кездешет. Бирок, андай көрүнүш басымдуулук кылат деп айтууга болбойт. Эгерде 8-мартта акцияга чыккандар «Окуган кыз ордун табат!» деген лозунгду ошолор үчүн жазып алышкан болсо жөндүү. Негизинен Кыргызстанда кыздарын окутуп, татыктуу тарбия берип, келечекте коомдон татыктуу ордун табышына көмөктөш болгон ата-энелер жашайт.


«Кыздар баары бир жеңишке жетет!» деген лозунгга келели. Ырас, кыздарыбыздын жеткен ийгиликтери, жеңиштери ар бирибизди кубандырат. Буга күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон, башка дагы бир топ эл аралык таймаштарда алтын медаль тагынган балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованы мисал кылсак болот. Мээрим Жуманазарова аттуу да жакында эле Киевден алтын медаль уткан балбан кызыбыз бар. Биз алардын ийгиликтери үчүн төбөбүз көккө жете кубанып гана отурабыз. Кыздар жеңишке жетпеши керек деген түшүнүк Кыргызстанда жок.


«Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт!» деген лозунг боюнча эмне айткыбыз келет? Абдан туура, аялзаты эркектер сыяктуу эле бардык укуктарга ээ. Алтургай аялзаты эне болгону үчүн эркектерден да өйдөрөөк турат. «Эненин таман алдында бейиш» деп бекеринен айтылбаган. Эненин алдында жалпы мырзалар башты жерге тийгизе таазим гана кылабыз. Ал эми өмүрлүк жар да – эне. Демек, ошондой эле таазим өмүрлүк жарлар үчүн да арналат.


Кыргызстанда аялдар үчүн кооптуу жашоо качантан бери пайда болуп калганын да билүү кыйын. Балким, бул лозунгду радикалдашып кеткен диний агымдар күч алып турган өлкөлөрдөгү аялзатына карата айтса туура болот беле? Кыргызстанда аялзаты жумушуна эркин бара алат, эркин сүйлөй алат, эркин эс ала алат. Ал эми үй-бүлөдөгү казан-аяктын кагылышып кеткен жагдайларын буга «факты» кылгысы келгендер болсо, анда андай көрүнүштөрдөн Америка деле куру эмес экенин эске алып койгондору оң.


«Кызыл камчыны сындыра» турган мыйзамдар Кыргызстанда да иштейт. Аялзаты гана эмес, бир да жаран башка бир жаран тарабынан ур-токмокко алынбашы керек.


««Уят» укук жана ден соолуктан кийинки орунда турат!» деген лозунг балким тырмакчанын ичиндеги сөздөн улам башка терең маанини бергиси келгендир. Күйөөсү уруп жатса да «Эл эмне дейт?» деген сөздөрдөн чоочулап, ур-токмокту жаап-жашырып жашап жаткандардын укугу биринчи орунда болушу керек дегенди айтып жатса керек. Бул жагынан алганда туура. Бирок, жогоруда айткандай, үй-бүлөдө казан-аяктын кагылышканы башка бардык эле мамлекеттерде бар. Мындайда кимдин көз жашы биринчи чыгып кетсе эле, ошол кордук көрүп жаткан экен деген тыянак чыгара салуу туура эмес. Ал эми бул лозунгдагы «уят» деген сөз абийирге байланыштуу айтылып жатса, анда таптакыр туура эмес. Аялзаты гана эмес, ар бир адам абийири менен барктуу. Абийир таза болсо, үй-бүлө да бекем. Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет бекем.


Жыйынтыктап айтканда мындай, Кыргызстанда чуруу-чуу түшүп, жоон топ элдин алдында чачты кырып сала тургандай деңгээлге жеткире тургандай аялдардын укугу бузулуп жатканы жок. Кыргыз эли аялзатын сыйлап келген, сыйлай берет. Балким, ушул эле лозунгдарды көтөрүп алып, Вашингтондо деле акция өткөрө беришсе болот. Себеби, ал жакта аялзаты кандай эркиндикте жана укуктарда жашап жатса, Кыргызстанда деле ошондой. АКШда деле каржылык жактан кыйналып жашагандар бар. Кыргызстанда деле бар. Айырмачылык мамлекеттердин гана кубаттуу жана кубатсыздыгында. Анын үстүнө жылына 8-мартта ушул сыяктуу өткөрүлгөн акцияларга катышкандардын көпчүлүгүн өң-келбеттери башка мамлекеттерден келгендердей болот. Атайылап эле коомчулукта провокация жасап, өздөрүнө карата күч колдонулган каршылыктын жасалышын күтүп жасалган долбоор сыяктуу. Ал долбоорду уюштуруп жаткандар да кайсыл жерде ишке ашырса боло турганын мыкты билишет. Болбосо, Кыргызстандагыга салыштырмалуу аялдарга кыйла көбүрөөк чктөөлөр бар Чеченстанга эмнеге уюштурушпайт? Ал жакта уюштура алышпайт. Себеби, ага духтары жетпейт. Ал эми Кыргызстанда ашкере эркиндик, ашынып кеткен демократия бар. Аны ким кандай кааласа, ошондой пайдаланып жатканынын белгиси.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн