Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аялдардын улуттук кеңеши айымдарга карата милициянын аракетин айыптады

10.03.2020 12:22
918
Аялдардын улуттук кеңеши айымдарга карата милициянын аракетин айыптады


Өкмөткө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш айымдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн, анын ичинде 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан катышуучуларга карата айрым милиция кызматкерлеринин колдонгон аракетин айыптады. 


Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, аялдарга одоно жасалган мамиле, ушул жылдын башында өлүм менен аяктаган окуялар олуттуу көйгөй болуп эсептелет жана мамлекеттин алдында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш ыкмаларды кайра карап чыгуу милдети турат, деп белгилейт улуттук кеңеш. 


Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш 2012-жылы түзүлгөн.  Ал гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууну координациялоочу консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн