Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аялы кетип калган жаран асынып алууга аракет кылган. Милиция куткарып калды

01.04.2021 16:38
1342
Аялы кетип калган жаран асынып алууга аракет кылган. Милиция куткарып калды

Кара-Балта шаарында өзүн-өзү асууга аракет кылган тургунду куткарып алууга жетишкен Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 16-февралында кечке жуук  Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөдө келишпестик чыкканы тууралуу кабар берилген. Жайыл РИИБдин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге жөнөп кетишкен. Бирок полиция чакыруу болгон дарекке келгенде, үйдүн эшигин эч ким ачкан эмес, бирок ичинде свет жанып турган.


Коңшулардын короосу аркылуу милиция кызматкерлери үйгө киргенде 37 жаштагы К.У. аттуу жаран асынып алганын көргөн. Милиция кызматкерлери аны аркандан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Адам аман калган.


Кийинчерээк анын мындай аракетине аялынын кетип калганы себеп болгон. Мас абалында ал өз жанын кыюуну чечкен. Бирок профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин ал өзүнүн иш-аракетин түшүнүп, өмүрүн сактап калган полиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн