Жалал-Абад облусунда аялын байлап, мыкаачылык менен сабаган киши милиция тарабынан кармалды. Маалыматты ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, окуя 8-июнь күнү саат 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган.
"Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБге арызданган. Бул окуя Сузак РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдктүү реестрине каттоого алынып, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң, КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү Сузак районунун тургуну Б.З. кечээ, июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн