Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аялын кызганып 38 жаштагы жаранды бычактаган жаран кармалды

Аялын кызганып 38 жаштагы жаранды бычактаган жаран кармалды

Ысык-Атада 38 жаштагы жаранга бычак саюуга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрда саат 15:30дар чамасында Гидростроитель айылынын 38 жаштагы С.В. аттуу тургуну бычактан бир нече жаракат алып, оор абалда Ивановка айылдык ооруканасына түшкөн.


Аталган факт Ысык-Ата РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышты жасоого шектелип, 55 жаштагы Ш.С. аттуу жаран кармалган. Ал жарандык жубайын кызганып, жабырлануучу менен байланышы бар экендигине шек санап, бир нече жолу денесине бычак сайып жибергенин айтып берген.. Жабырлануучу шектүүнүн жарандык аялынын мурунку күйөөсү экендиги аныкталган.


Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн