Белгилүү ырчы Айбек Карымов камалган эмес жана жакындарынын жанында. Муну ырчынын жубайы Гүланда өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кабарлап, аны тастыктаган тасманы да жарыялаган. Анда А.Карымов достору менен кафелердин биринде эс алып олтурганын байкоого болот.
“Урматтуу туугандар 2 күн жайлоого чыгып кетсем мен жөнүндө ар кандай сөздөр чыгып кетиптир. Менин тагдырымды ойлоп кайгырган бардык досторума, күйөрмандарыма рахмат. Баары жакшы, келечек алдыда”, - деген Айбек Карымов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн