Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Айбек Карымов: Жогорку Кеңешке аттансамбы деп турам

29.07.2020 14:17
2095
Айбек Карымов: Жогорку Кеңешке аттансамбы деп турам


Ырчы Айбек Карымов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңешке аттансамбы деп турам деп билдирүү калтырды.


Бүгүн туулган күнүм. Ушул күнү жарык дүйнөгө келген замандаштарымды чын дилимден куттуктайм. Ал эми колумдагы комузум, түбөлүк досум. Кудайдын колдоосу менен көп ийгиликке жетелеп келет. Жакында ЖКга аттансамбы деп турам. Дале болсо комузум жанымда болооруна ишенем”, - деген ырчы.




Обончу, ырчы Айбек Карымов Токтогул районунун Сары-Камыш айылында 1969-жылы 29-июлда туулган. Орто мектепти аяктап, Чехословакияда Советтик армиянын милдетин өтуп келген. 1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын эл аспаптар оркестри бөлүмүндө окуган.


2009-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Маданият билим берүү борборун бүтүргөн. 1992-жылы алгачкы "Сүйүү керемети" аттуу ырын гитаранын коштоосунда чыгарган. 1994-жылы "Нур" аттуу эстрада ансамблин уюштуруп, ырчылар К.Алымбекова, С.Кочкоров, 2003-жылы "Ай Теңир" аттуу эстрада тобун уюштуруп, анда ырчылар С.Балтаева, Г.Байзакова менен иштешкен жана "Дил кайрык", "Аттиң ай, аттиң", "Ооруп турат жүрөгүм" ж.б. ырларын ырдаган.


Ал 60тан ашык обондордун автору. Анын "Дил кайрык" ырлар жыйнагы, ырларынын үч альбому жарык көргөн. Ардак грамоталар, дипломдор менен сыйланган жана республикалык кароо-сынактардын лауреаты болгон.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Эржигит
Айбек ага аракет кылып көрүңүз. Бирок чындык үчүн күрөшүү керек.
Жолдошбек
Туулган кунунуз менен!!