Теке 08, 2024
Убакыт: 17:50
USD
85.70
86.60
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.000

Айбек Молдогазиев Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

05.07.2024 17:59
154
Айбек Молдогазиев Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады


Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өнүктүрүү келечегин талкуулап, үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Казакстандын Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жемиштүү жолугушуусун белгилешти.

Айбек Молдогазиев өз кезегинде экономикалык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун, эки өлкөнүн аба байланышын мындан ары өнүктүрүүнүн, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кытай тарап эки тараптын ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө маани берерин жана аларды мындан ары ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшай турганына ишендирди. Ошондой эле элчи эки өлкөнүн лидерлеринин Астанадагы сүйлөшүүлөрүнүн оң натыйжаларын баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн