Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Айбек Осмонов Нуржан Шайлдабекованын кызматта отурууга моралдык укугу жоктугун айтты

22.09.2021 12:39
965
Айбек Осмонов Нуржан Шайлдабекованын кызматта отурууга моралдык укугу жоктугун айтты

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады.


“Азыр биз өтө оор абалда турабыз. Биздин кыргыз эли ачкачылыкка, башкага чыдайт, бирок адилетсиздикке чыдабайт. Бизге адилеттүүлүк, тынчтык керек. Алдыда парламенттик шайлоо өтөт. БШКнын айрым мүчөлөрү камалып отурат. Бул эмне деген? Ошол боюнча БШКнын төрайымы келип маалымат берсин. Канча деген шайлоолор жокко чыкты. Былтыркы парламенттик шайлоо жокко чыккан. БШКда отурган кээ бир мүчөлөрүнүн жана төрайымынын азыр иштегенге моралдык укугу жок. Бул маселени жакшы карашыбыз керек. Шайлоодон кийин кандай болуп кетет эч ким билбейт. Так маалымат алалы”,- деди депутат Осмонов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн