Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Айбек Осмонов, "Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери: Элибиздин кең келечеги үчүн алгылыктуу салым кошкубуз келет

17.07.2021 11:35
2161
Айбек Осмонов, "Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери: Элибиздин кең келечеги үчүн алгылыктуу салым кошкубуз келет


Негизи жеке мен, тигил же бул бийликти жамандоодон алысмын. Бирок, ойлонуп көрсөм биздин азыркы жашоо деңгээлибизге, 3 жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалга өлкө башкаруучусунун “тегерегиндегилер” күнөөлүү экенине ынанып баратам. Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатта, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура. Кантели эми, инсанбыз да, адашуучубуз. Бирок, өткөөл бийликтердин тагдырынын кайталанышын биз каалабайбыз. Анткени өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп, гүлдөшүн көргүбүз келет. Ошону менен бирге элибиздин кең келечеги үчүн алгылыктуу салым кошкубуз келет. Ал учун бизге бийликтин жөн гана колдоосу керек эле… Дооронбек Садырбаев агабыздын сөздөрү тилекке каршы эсиме келип кетти…


Учурда деле артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар улангандай…



Ош шаарында өткөн шайлоодогу элибиздин колдоосу менен жараткан жетишкендигибиз кээ бирөөлөргө жакпагандай. Эртең кокустан эле биздин партиябызды тизмеден алып салса деле таң калбай калдым! …..Андай болсо бардык партияларга мыйзам бирдей иштесе жакшы болмок!



Айбек Осмонов, "Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн