Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мектептерде ыйман сабагын киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө коопсуздук маселеси орчундуу проблемага айланды.
"Бир жумада 29 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул деген трагедия, согушта да мындай болгон эмес. Коом тартиптүү ыймандуу болсо мындай иштер болбойт эле. Ошондуктан мектептерде балдарды тарбиялаш керек. Балдарга ыйман сабагын киргизүүнү сунуштайм",- деди депутат Осмонов.
Пикирлер (4)