Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Айбек Осмонов: "Биздин Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилиши - адилетсиздик

27.07.2021 08:49
1354
Айбек Осмонов: "Биздин Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилиши - адилетсиздик

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов партиянын Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоосунан четтетилиши боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Урматтуу мекендештер! Ош шаарында өткөн шайлоодогу жакшы жыйынтыгыбызды БШК жокко чыгарды. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле “Биздин Кыргызстан” партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем…Эми калайык калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы! Бул эмне деген шумдук?! Бизди тандаган элдин добушун тебелеген туура эмес!….Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыгыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин, мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!!!",- деп билдирүү калтырган Айбек Осмонов.


Эскерте кетсек, 26-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине кайрадан өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен "Биздин Кыргызстан" партиясынын жыйынтыгын жокко чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн