Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Айбек Жунушалиев №7118 шайлоо тилкесинде добуш берди

28.11.2021 17:15
401
Айбек Жунушалиев №7118 шайлоо тилкесинде добуш берди



Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Шаардык муниципалитеттин башчысы Чүй облусунун Кант шаарындагы №7118 шайлоо участогунда добуш берүү менен өзүнүн жарандык милдетин аткарды.


Эске сала кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.


Бишкек шаарындагы бардык участкалык шайлоо комиссиялары өз убагында ачылып, бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Жалпысынан борбордо 228 УШК иштеп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн