Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Айбек Жунушалиев Бишкек менен Москванын кызматташтыгын талкуулады

15.10.2021 13:52
1165
Айбек Жунушалиев Бишкек менен Москванын кызматташтыгын талкуулады


Россия Федерациясынын борборуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар боюнча башчысы Сергей Черемин менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Черемин Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин атынан Айбек Джунушалиевди Бишкек шаарынын мэри болуп шайланышы менен куттуктады.


Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.


Ошондой эле билим берүү, маданият жана турак жай -коммуналдык чарбаны автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана интеллектуалдык транспорт системасын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн чоң потенциалдын бар экенин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн