Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Айбек Жунушалиев Москва шаарына барып, жол кыймылын уюштуруу механизмдери менен таанышты

14.10.2021 17:25
1231
Айбек Жунушалиев Москва шаарына барып, жол кыймылын уюштуруу механизмдери менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Москвадагы Жол кыймылын уюштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты


Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жол кыймылын уюштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө москвалык кесиптештер мэрге чалууларды иштеп чыгуу борборунун жана операторлордун жумушчу орундарын көрсөтүштү, ар кандай категориядагы чукул чалууларды кароо принциптери жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле кезектеги сменанын иши кандай уюштурулганын маалымдашты.


Мекеме жол кыймылы боюнча маалыматтарды, анын ичинде жол кыймылынын жана жүргүнчүлөрдүн агымынын параметрлери, жол шарттары, учурдагы жол кыймылын уюштуруу, жол кыймылынан экологиялык зыяндын параметрлери, кырсыктын статистикасы, унаа токтотуучу жайлар жана убактылуу токтоочу жайлар жөнүндө маалыматтарды чогултат. Анын милдеттерине транспорттун агымын баалоо, жол кыймылын уюштуруунун схемалары жана стратегиялары, шаардык транспорттук жана жүргүнчүлөрдүн агымын моделдөө, Москва шаарында жол кыймылын уюштуруунун эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана башка функциялар кирет.


Ошондой эле Айбек Джунушалиевге электробустар көрсөтүлдү.


Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Москва шаарына шаардык бийликтин чакыруусу менен шаардык кызматтардын жана структуралардын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн