Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 14:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Айбек Жунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегациянын жолугушуусу болду

30.05.2024 13:50
273
Айбек Жунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегациянын жолугушуусу болду


Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегациянын жолугушуусу болду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тараптар өлкөлөрдүн жетекчилиги, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгы түзүлүп, шаарлар аралык байланыштар активдүү бекемделип жана кеңейтилип жатканына ишеним билдиришти.

Айбек Жунушалиев ошондой эле акыркы жылдарда кыргыз-кытай мамилелери бекемделип жатканын баса белгилеп, Чэнду шаары менен эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү Бишкек үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Ван Фэнчао соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууну, ошондой эле инвестициялык демилгелерди жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн Бишкектин Чэнду шаарында өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады.

"Бул менин Бишкек шаарына биринчи жолу келишим. Шаар жаш жана гүлдөп-өнүккөн”, - деп белгиледи Ван Фэнчао.

Айбек Жунушалиев келечектеги инвестициялык долбоорлор транспорт, маданият жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарына байланыштуу болорун кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн