Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айбек Жунушалиев орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди

16.04.2024 13:26
117
Айбек Жунушалиев орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди


Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев бүгүн маалымат жыйындын жүрүшүндө вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, бардык иштер ал аким болуп турган кезде жасалган.

"Бул иштердин баары мен келгенге чейин жасалыптыр. Эч нерсе дей албайм, соттун чечимин гана күтүшүбүз керек. Бирок ар бир мамлекеттик, муниципалдык кызмат таза жана ачык иштери керектигин баса белгилегим келет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалагандыгы үчүн кармалып, бир айлык мөөнөткө тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн