Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ишкананын директору Рыспек Сарпашев кызматкерлерге шарт түзүп берүү жана шаардык түзүмдүн түздөн-түз функцияларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн ишти уюштурууну жакшыртуу боюнча бир катар сын-пикирлерди белгиледи.
Буга чейин муниципалдык ишкананын кызматкерлерине нааразылык болуп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн