Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык кызматынын кызматкери каза болгон жерге барды. Бул туурасында “Тазалык” ишканасынанан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар башчысы дем алыш күндөрү тазалыкчылардын борбордук көчөлөргө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы максималдуу түрдө колдонууну тапшырды. Мындан тышкары, шаар мэриясына көчөлөрдү тазалоодо чагылтуу элементтери бар көчмө жол белгилерин (конустар, установкалар ж.б.) колдонуу тапшырмасы берилди.
Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө резервдик фонддон 50 миң сом бөлүп, борбордук көчөлөрдө жумушчулардын ишин камсыз кылуу жана минималдаштыруу максатында сунуш киргизүү тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн