Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын тургундары менен жеке өзү жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу 17 адамды ар кандай маселеде кабыл алган. Көпчүлүк шаардыктар жер маселеси, ижара жана жеке менчик ишканаларынын маселеси боюнча кайрылган.
Эскерте кетсек, Айбек Жунушалиев ишемби күндөрү Бишкек шаарынын тургундарын кабыл алууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн