Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев ишемби күнү шаардыктарды жеке кабыл алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, кабыл алуу ишемби күндөрү саат 10:00дөн 14:00гө чейин жүргүзүлөт.
«Урматтуу жарандар! Эгерде сиз мэр менен жолугушууну кааласаңыз, Чүй проспектиси №166 (бирдиктүү терезе) дарегине жазылыңыз. Сурооңузду кароодо сизде паспорт жана башка документтер болушу керек. Сурап билүү жана кошумча маалымат алуу үчүн: 61-07-05 ",-деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн