Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова менен жолугушту. Бул тууралуу Кубанычбек Конгантиев билдирди.
Конгантиевдин айтымында, жолугушуу расмий эмес түрдө өтүп, шаардык кеңештин депутаттары жана мэрия кызматкерлери Айсулууну жеңиши менен куттуктаган.
Шаар башчысы жана шаардык кеңештин төрагасы Айсулуу Тыныбековага мындан ары да ийгиликтерди багындыруусун каалап өз белектерин берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн