- Айчүрөк эже, тарткан тасмаңызды эмнеге “Таш” деп атадыңыз? Эл биле бербеген өңүттөбү же көпчүлүктүн көңүлүн буруу үчүнбү?
- «Таш» социалдык драма жанрындагы автордук фильм. Таштардын темасы башкы планда болгону менен түпкүрүндө чагылдырылган коомдогу актуалдуу бир топ маселе бар. Көрүүчүнү уникалдуу, тарыхый, сырдуу таштар аркылуу фильмдин өзөгүнө карай татаал бир нече сызык аркылуу чиеленген белгилүү да, белгисиз дагы тагдырлар менен коштоп алып жүрүү эле. Коргоого да, сактоого да муктаж болуп турган табийгый сырдуу таштарды коомчулукка алып чыгуу менен демейде маани бербеген жаратылышыбызда не деген тарыхый мурастарыбыз катылып турганын ачыктап, мекен жайыбыздын ыйыктыгын, табышмагын жана адам табиятынын айлана-чөйрөгө байланышын, анын ичинде жеке өзүн таануу артыгы, кемтиги менен чагылдырылды. Көрүүчүнүн ташты кабыл алганы бир, фильмдин маанисин түшүнүп, анализдеп, өзөгүн аңдай алганы экинчи маселе. Фильмде көп нерсе бар, кунт коюп, окуяны кууп көргөндөр көптү баамдайт.
Акыркы 30 жыл ичинде Ата журтубуз нелерди жана кимдерди гана көрбөдү?! Жердигинен түтүп берди го! Ошол жерден канчалар киндигин үзүшүп, тиричиликтин артынан түшүшүп, бала-чакасынан бери Кудайга тапшырышып, дүйнө кезип кетишти. Алдуу-алсыз, бай-кедейи чыгышып, алдым-жуттумдары жер бетин тытмалашып, колго тийгенин сатышып, ушул ташына чейин укуп-чукуп самолётко жүктөшүп, океандын ары жагындагы өлкөлөргө чейин узатып жиберишти. Табият боздоп, жаныбар сезип турганчалык да боло албай баратабыз. Келечекте глобалдык катастрофаларга алып келүүчү жагдайды айтпаганда да, адамдын адамга, керек болсо эртеңкисине кайдыгер абалга өтүп алганынын өзү эле инсанияттын турпатындагы чоң жоготууга баратканынын далили. Фильмде көрүүчүгө ак-кара, адал-арам, бата-каргыш, адеп-ахлак, тарбия, миграция, аксакалдар институту, муундар ортосундагы байланыш, экология, коррупция, кайып дүйнө, дагы башка бир топ меселелерди камтыган окуяларды көрүүчү өзү чечмелеп, жыйынтык чыгара алса – анда фильм максатына жеткени.
- Аң-сезимди ойготкон, турмуш чындыгын чагылдырган тасмаңыз көрүүчүлөрүн таптыбы?
- Ооба. Мени кубантканы: улуу муун, интеллигенция, ата-энелер жана да «киргиз» болуп калгандар менен мектеп окуучуларынын фильмди түшүнгөнү болду. Жеткиликтүү болсун деп орусча, англисче субтитри менен даярдаганбыз. Фильмдин каарманы Илиястын мууну бүгүнкү күндө да жеңил фильмдердин тегерегинен өйдө ой жүгүртө албай калганы чындык эмеспи. Ал эми окуучулардын мээси таза, ачык. Кинодогу ар бир сюжетти өздөрү аралашып жүргөндөй кабыл алып, көргөнүнө таңкалдым. Адам болууну, табият менен таттуу мамилени, жаман-жакшыны ушундай фильмдер аркылуу көргөзсө, айрыкча балдарга сиңет. Үч мектепке көргөзгөндөн соң, фильмдин ар бир сценасы өзүнчө даяр тарбиялык саат болгонун көрдүм, жаштар үчүн дагы сабакта далай талкууга тема жаралганын туйдум. Кызыгы, балдардын “ушул фильмди атам, өзгөчө апам көрсө экен” деген ою бизге алда нелерди туйгузду. Шаардык бала фильмди алгач өзү көргөн соң апасына улам-улам “көрсөңүз” деп кулак кагыш кыла бериптир. Көрсө, айрым учурда апасынан алыста өткөн балалыгынан, эне мээримине болгон сагынычынан кабар бере албай кыйналган тура. “Баламдын башынан өткөргөнүн эми түшүндүм, бул фильм айрыкча энелерге сабак экен” деген ойду жеке мага бир нече апа билдирди. Көрүүчүлөрдүн көбү тарыхый таштарга, Кыргызстандын ажайып табиятына суктанып, айрымдарына ишенип-ишенбей, өз көзү менен көргүсү, баргысы келген кызыгуусун билдирип жатышат. Айтор, фильмден ар бир көрүүчү өзүнө тааныш жана сабак болчу көп нерсени тааный алат деп ойлойм.
- Кинодогу керемет кадрларды тартуу, жылкылардын көлдө сүзгөн сулуулугун чагылдыруу чоң түйшүктү жараткан жокпу?
- Жаратканга чексиз рахмат! Кыргызга ажайып бейиштей жерди бериптир. Ырысыбыз тоодой экен, төрт мезгилди көрүп, рахаттанып жашап жатабыз. Эми ошол кереметибизди баалап-барктап, сактап, аздектей турган күнгө келдик го. Тартуу иштери жүргөн Аксы да Кара-Көл шаары жаратылышынан сулуу, сырдуу аймак. Мындай жерде иштей эле бергиң келет. Иштин оор-жеңили көпчүлүк учурда команданын кесипкөйлүгүнө байланыштуу эмеспи. Ишке тойбой турган команда топтолду. Локацияларды алдын ала жеринен көрүп, бир нече жолу барып тактап, бекитип келип, кадрларды коюучу операторго тааныштырып жаттык. Тартуу учурунда композитор Мурзали Жээнбаев мырзага да байма-бай жиберип, ал кишинин да бүйүрүн кызытып турдук. Сүрөтчү Абдулалим Мамадалиев, коюучу оператор Күлчоро Нурсеитов, үн режиссёр Темирлан Жумабеков тартуу процессинде жакшы команда болуп беришти. Үчөө тең кадр коюуда изденген, аракетчил, кесипкөй режиссёр, операторлор. Кудай жалгап, жылкыбыз эки кадр алууда Аксынын Кара-Камыш көлүн эки жолу тең бир дубль менен сүзүп өтүп берди. Кара-Камыш жайлоосун тээ бабаларынан бери жердеген Майрамбек Саркулов деген азамат тулпарды көлдүн жээгин мерчемдеп сууга айдап киргизип берди эле, дал биз күткөн жерден сүзүп чыгып келип, ишти жеңилдетти. Үйүр-үйүр сулуу жылкылар Ак-Жол айылынын тургуну Кичике Сартмырзаев аксакалдын жана Авлетим, Мукур айылынын жылкылары.
Кайып дүйнөнүн перилерин Сары-Челектен тарттык. Алдын ала белгилеген жерибизди таппай калып, чытырман карагат, кожогат, тикенектерди аралап, сойлочу жерде сойлоп отуруп, үч жолу түшүп-чыгып, айтор, төртүнчүсүндө араң эптеп таап, техникалык топ да, кыздар да тиш сындырган муздак көлдү кечишип, иштеп беришти.
Ал эми дал кульминациялык акыркы сценанын бири Илияс менен куугундун таштагы сценасын тартуудагы аркыраган шамалды айтпай эле коюңуз! Колдогу, үстүдөгү кийим эмес, адамды кошо учура тургандай өзгөчө шамал болду. Ошол учурда табият кошо зыркырап тургандай, таштар сүйлөп жаткандай туюлду. Анткени андан мурдагы тарткан сценабыз фильмдин киришүү бөлүгү болгон Илияс менен Шириндин таштагы кездешүүсү үнсүз ый менен коштолгондой тим эле мемиреген жымжыртыкта тартылды эле. Байкасаңыз керек, жалаң жогорку профессионал артисттерди тарттык. Алардын баарына рахмат! Ар бир кадр сүйлөгөндүктөн, жадагалса эпизоддогу каармандардын да ролу абдан маанилүү эле.
- Кино тартуу рахаттуубу, же түйшүгү көп бекен? Бул жагдайды жонтериңиз менен сездиңиз да...
- Сүйүп жасаган ишиңден алган рахаттан ашкан жыргал барбы! Агартуу, тарбиялык багытты беттеген максатта иштеп жатсаң, андан бетер жыргап, дилиңди төшөп иштейт эмессиңби. Эми түйшүгүн айтпай эле коёюн, кыскасы, режиссёр (кошумча сценарист, автор да) аял киши болсо, боюңа бала көтөргөндөй тура. Ал эми финансылык түйшүгү фильмдин продюсери, жолдошум Камчы Парманкуловдун «кино менен шайлоо окшош, таратып гана отурат экенсиң» дегениндей.
- “Ташка” батпай калган идеяларды дагы кино тартууну максат кылып жатасызбы?
- Дагы деле ушул багытта, ушул жанрда эле тартсам деп турам, Кудай кааласа. Мага тынчтык бербей турган долбоорлорум бар, ошолорду жүзөгө ашыруунун аракетиндемин. Келечек муунга жакшы фильм бергим келет. Учурда иштеп жатам...
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн