Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 04:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулун эскерип, билдирүү жазды

22.06.2022 10:56
858
Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулун эскерип, билдирүү жазды


Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.

Анда ал эне үчүн мындан өткөн арман болбостугун айткан.

"Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос. Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жараткан сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим.

Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор... Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам", - деп жазган Иманалиева.

Белгилей кетсек, Арген Иманалиев 35 жашында дүйнөдөн кайтты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жыпар
Эже Сабыр кылыныз.Аргендин жаткан жери жайлуу болсун омийин 🤲 Айла жок ажал жаш карыга карабай тура.