Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айданбек Акматов: “Кумтөрдө” дагы 300 тоннадай алтын бар

11.12.2020 17:23
2428
Айданбек Акматов: “Кумтөрдө” дагы 300 тоннадай алтын бар


Журналист жана саясий эксперт Айданбек Акматов “Жаңы Ордо” гезитине маек берип, “Кумтөрдө” дагы 300 тоннадай алтын бар экенин айткан. Ал президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун “алтын калбай калды” дегенин элдин байлыгына жасалган жеңил ойлуулук катары сыпаттаган.


Садыр Жапаров депутаттык комиссиянын башчысы катары маселени көтөргөнү менен азыр айткан сөзүнөн кайтып кетти. Ал “Кумтөрдө алтын калбады” деп айтып жатат. Тилекке каршы, геологиялык чалгындоолордун, биздеги абройлуу геологдордун  маалыматы боюнча ал жерде 716 тонна алтын бар экенин билебиз (өкмөттүн 2013-жылдагы №34 токтомунда бул так жазылган). Ал жерде 1000 тоннадай алтын бар деген божомолдор бар (бул да өкмөт токтомунда белгиленген). Такталганы 716 тонна болсо, бүгүнкү күнү 400 тоннага жакын алтын алынды. Демек, бери эле дегенде 300 тоннадай алтын бар. 300 тонна алтын биздей чакан өлкө үчүн өтө чоң сумма. Бул азыркы баа менен эсептегенде 18 млрд долларга жакын акча. Жеңил-желпи гана “алтын калбай калды” деп айтып коюу, элдин байлыгына жасалган жеңил ойлуулук. Эгер так маалыматы жок болсо, “бул маселени адистер менен чогуу катуу  иликтөөгө алабыз” деш керек болчу”, - дейт ал.  

 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мелис Жусупов
Садыр Мырза популист экен президент болгон кундо деле кыйратпайт окшойт
Гулбара
АЙДАНБЕК ЭН ТУУРУ АЙТЫПТЫР, ЭРКЕК АДАМДЫН ООЗУНАН ЧЫКАН СОЗ АТЫЛГАН ОК , ДЕЙТ ЭЛИБИЗДЕ.КЫСКАСЫ 1-КУНДОН БАШТАП УБАДА АТКАРЫЛБАДЫ.