2-ноябрга карай доллардын курсу 82 сомго чыкты. Улуттук банк акыркы күндөрү 60 млн. доллардай сатып, акча базарын жоошутууга аракет жасап жатат. Бирок доллар жогору карай өрдөгөнүн кое турган түрү жок.
Импорттон көз каранды, тышкы карызын доллар менен төлөгөн мамлекет үчүн доллардын курсунун өсүүсү абдан жаман жагдай. Эсептеп көрүңүз, эгерде өкмөт өткөн жылы быйылкы жылдын бюджетин кабыл алып жатканда 2020-жылы 400 млн. доллар мамлекеттик карыз төлөшүбүз керек, ал үчүн бюджеттен 28 млрд. сомдун тегерегинде каражат бөлүшүбүз керек деп эсептейт. Доллардын курсун 70 сом деп эсептеп алышат. Бир долларды 70 сомдон сатып алабыз же 400 млн. долларды төлөш үчүн 28 млрд. сом бөлүнөт. (расмий эсеп боюнча, өткөн жылдын соңунда кабыл алынган бюджетте мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд. 818 млн. сом каралган. Быйыл июнда бюджетке өзгөртүү киргизилип, доллардын курсунун өсүүсүнө байланыштуу карызга төлөнө турган акчанын суммасы көбөйүп, 32 млрд. 821 млнго жеткен. Курстун дагы өсүшүнө байланыштуу бул сумма дагы өсөт.)
Эми доллар курсу көтөрүлүп, 82 сомго чыкканда 400 млн. долларды сатып алыш үчүн 28 млрд. сом эмес, 32 млрд. 800 млн. сом керек болуп калат. Тышкы карыз сом менен дээрлик 5 млрд. сомго көбөйөт. Ушинтип бюджетке кошумча оорчулук түшөт...
Май, ун, ун азыктарын биз абдан көп сырттан алып келебиз же импорттойбуз. Ошондуктан доллар өскөн сайын алардын баасы да көтөрүлө берет. Бул калктын көпчүлүк катмарына катуу тийет. 6-7 миң сом алган мугалим үчүн бир литр өсүмдүк майдын 50-60 сомго кымбатташы канчалык оор тийерин кээ бирөөлөр аңдай бербеши мүмкүн. Бирок ал катуу тийип жатат.
Мына ушул экономикалык каатчылык капшабы, кымбатчылык калктын үшүн алып турган учур.
Билими тайкы бийлик башындагылар өздөрүнүн кууш саясий кызыкчылыгын көздөп, мамлекетти дээрлик тышкы жардамсыз калтырып жатканы жагдайды ого бетер татаалдантууда. Кууш кызыкчылыкты көздөгөн бийликтегилер Конституция, мыйзамдарды бузуп, шайлоо мөөнөттөрүн белгисиз убактарга которуп жатышат.
Ошондон чет өлкөлүк өнөктөштөр чочуркап жатышат. Легитимсиз бийлик менен иштөө жоопкерсиздик. Алар ага барбайт. Анткени кырдаал өзгөрсө, алар берген насыя, жардамды төлөбөй койгонго юридикалык жол ачылып калат. Эмне үчүн легитимсиз бийликке насыя бердиңер? Биз ага жооп бербейбиз дегендер чыгышы мүмкүн. Сырткы өнөктөр мына ошондон тайсалдап турушат. Ошондуктан алар бере турган жардам, насыяларын токтотуп, абалдын толугу менен легитимдүү жолго түшүүсүн күтүп жатышат.
“Улак тартыш” учурунда келип калган кыргыз бийлиги болсо парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөттөргө которуп, өздөрү менен кошо бүт мамлекетти мыйзамсыздык сазына тартып баратышат...
Айданбек Акматов, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн