Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айдарбеков: Профсоюздар федерациясына таандык болгон “Достук” мейманканасында казино ачылат

21.06.2023 17:15
355
Айдарбеков: Профсоюздар федерациясына таандык болгон “Достук” мейманканасында казино ачылат


Акциясынын көзөмөл пакети Профсоюздар федерациясына таандык болгон “Достук” мейманканасында казино ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.


Ал Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаевге казино ачылгандан кийин мейманканадан түшкөн киреше канчага көбөйөрүн сурады.


«Сиз мейманкананын экинчи кабатынын бардык ижарачылары менен келишимди буздуңуз. Учурда канча алып жатасыз жана кирешеңиз канчага көбөйөт?», - деп сурады эл депутаты.


Эмил Кызаев өзү жетектеген “Достуктан” кирешеси тууралуу суроого жооп бере алган жок.


Белгилей кетсек, аталган мейманканадагы федерациянын үлүшү 53,7 пайызды түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн