Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Айдоочулук күбөлүгүн тартып алышкан. Чүйдө каракчылыкка шектүү эки жаран кармалды

18.04.2022 15:30
484
Айдоочулук күбөлүгүн тартып алышкан. Чүйдө каракчылыкка шектүү эки жаран кармалды

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-апрелинде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмчөсүнө 1973-жылы туулган Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвертка менен коркутууга алып, жанындагы 6 миң сом өлчөмүндөгү акчасын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.


Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Д.А. жана 1984-жылы туулган О.Ж. бул кылмышты жасаган деген шек менен кармалышкан.


Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн