Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Айдоочулар, көңүл буруңуздар! 28-апрелден тарта Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

25.04.2023 09:59
227
Айдоочулар, көңүл буруңуздар! 28-апрелден тарта Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

28-апрелден тарта С.Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, С.Садыгалиев-А.Волкова көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектиси-С.Садыгалиев көчөсүнүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр С.Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн