Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:36
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

17.10.2022 13:10
267
Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 17-21-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.


"Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.


Таш кулатуу иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлүп, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.


Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.


Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн