Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 18:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Айдоочуларга жеңилдиктер берилет. Бишкекте «Эко таксилер» пайда болот

26.09.2023 09:29
301
Айдоочуларга жеңилдиктер берилет. Бишкекте «Эко таксилер» пайда болот


Бишкекте "Эко таксилердин" биринчи партиясы сунушталды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, муниципалдык "Эко такси” долбоору Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, муниципалдык "Эко такси" айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет:

-"Муниципалдык экотранспорт" үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр транспортун башкарууга лицензия алуу.
-Айдоочулардын электромобилдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгү бар.
-Мамлекеттик салык кызматына отчетту автоматтык түрдө берүү менен акча табуунун туруктуу мыйзамдуу жолу.
-Атайын белгиленген муниципалдык электр кубаттоочу станцияларда атайын тариф менен кубаттоо мүмкүнчүлүгү.
- Бардык социалдык пакет.

Ошентип, долбоор бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Муниципалдык "Эко такси" долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн шилтемесинеөтсөңүз болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн