Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:20
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Айдоочулук күбөлүк алуу эрежелери өзгөрөт

30.06.2021 10:59
1263
Айдоочулук күбөлүк алуу эрежелери өзгөрөт


12-июлдан тарта Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн теориялык жана практикалык экзамендерден кулап калгандарга автомектептен окубай эле кайра тапшыра берүүгө мүмкүндүк берген токтом күчүнө кирет. Бул туурасында министрлер кабинетинин документи даяр экендигин "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев айтты. 


"Мурда кыргызстандыктарга үч мүмкүнчүлүк берилсе, ал эми азыркы 17-июндагы № 31 токтомдун негизинде (12-июлда күчүнө кирет) айдоочулук күбөлүктү алам дегендерге экзамен тапшыруунун саны чектелбейт. Башкача айтканда, эгерде кыргызстандык автомектепти бүтүп, жеке карточкасын алгандан кийин экзаменди үч ирет тапшырып, үчөөндө тең өтпөй калса, аны кайрадан окуганга жөнөтүшчү. Ал эми бул токтом күчүнө киргенден тарта киши канча ирет тапшырса да чектөө болбойт", — деди ал. 


Шералиевдин айтымында, мындай тажрыйба кошуна жана Европа өлкөлөрүнөн алынды.


"Бул чечимди кабыл алуунун алдында чет мамлекеттердин тажрыйбасы каралды. Ар бир курсант өзүнүн билимин жогорулатышы керек, кайсы жерден ката кетиргендигин билиши зарыл. Муну менен катар эле кыргызстандыктардын кайрадан окуп кошумча чыгым болбошу да эске алынды", — деп белгилеген "Унаа" жетекчисинин орун басары.

Булак: "Спутник Кыргызстан"


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн