Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 11:12
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Айдоочулук күбөлүккө экзаменден "кулагандар" үчүн эрежени өзгөртүү сунушталды

19.02.2025 12:22
295
Айдоочулук күбөлүккө экзаменден "кулагандар" үчүн эрежени өзгөртүү сунушталды


Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилет. Тишелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.


Ага ылайык, транспорт салыгы жоюлгандыктан аны төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк кайра каттатууда талап кылынбайт.


"Мурда кайра тапшыруу аралыгы 10 күн эле. Үч мүмкүнчүлүк берилип, процесс иреттүү болчу. Азыркы экзамендердин үч күн сайын чектөөсүз кайра тапшырылуусу кезекти көбөйтүп, комиссиялардагы иштин көбөйүшүнө алып келди", — деп айтылат негиздемеде.


Мындан улам айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыра албай калгандарга кийинки мүмкүнчүлүк мурда үч күндөн кийин берилсе, эми аралыкты жети күнгө узартуу сунушталып жатат. Бул убакытта талапкерлер азыркыдай болбой жакшы даярданып келери күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн