Бишкектин чок ортосундагы үч көчө бир тараптуу болду.
Буга чейин мэрия көчөлөрдүн айрым тилкелерин бир тараптуу кылуу чечимин кабыл алган.
Кайгуул милициясы аталган көчөлөргө жол белгилерин орнотту.
Маалым болгондой, алар 1-2 күн айдоочуларга эскертүү берет. Андан соң айып пул сала баштайт.
Төмөнкү көчөлөр мэриянын чечими менен бир тараптуу болду:
Шопоков көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Панфилов көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Логвиненко көчөсү — Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн