Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айэркен Саймаитини ким өлтүргөнү ачыкка чыктыбы?

23.03.2021 11:44
1999
Айэркен Саймаитини ким өлтүргөнү ачыкка чыктыбы?

Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур ишкери Айэркен Саймаитини өлтүргөн шектүүлөр соттук отурумда көрсөтмө берген. Бул тууралуу "Вести.кг" түрк басылмасына шилтеме берип жазды. 


Маалыматка ылайык, Саймаитини өлтүргөн адамдар "Тахрир-Эль-Хам" жана "Тахрир-Эль-Шам" террористтик топтун мүчөсү экендиги аныкталган.


Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүү кыргызстандык Гусейин Акметалиев Абдулла Энвер  жана сириялык Али Исбек Адана шаарында Сирияга качып бара жатканда кармалган.

Соттук отурумда Абдулла атту жаран көрсөтмө берген. 

"Мен Түркияга өзбек паспорту менен Молдова аркылуу келгенмин. Окуя болгонго чейин 45 күн мурда Идлибде лидерибиз Адам аттуу жаран мени чакырып, Стамбулга келип Гусейин менен жолугушумду айтты. Ал мага өлтүрө турган адамдын унаасынын номерин жашаган жерин жана сүрөтүн берди. Мен муну эмнеге өлтүрөбүз десем, "Мусулман эмес, өлтүргүлө" деп ар бириңерге 50 миң доллардан берерин айтты",- деп көрсөтмө берген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн