Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Айыккандар жок. Коронавирусту бир суткада 26 дарыгер жуктуруп сутканын рекорддук көрсөткүчү болду

22.06.2020 10:18
1124
Айыккандар жок. Коронавирусту бир суткада 26 дарыгер жуктуруп сутканын рекорддук көрсөткүчү болду


Бир сутка ичинде 26 медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, буга чейин бир суткада 24 медиктен илдет табылып, сутканын рекорддук көрсөткүчү деп табылган.


Ал эми өткөн суткада коронавирус илдетинен сакайгандардын арасында ак халатчандар жок экени айтылат.

 

Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 6;

Чүй облусунда – 3;

Ош шаарында – 2;

Ош облусунда – 4;

Баткен облусунда – 2;

Ысык-Көл облусунда – 6;

Нарын облусунда – 2;

Талас облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 582 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн